Баткен областтык прокуратурасы тарабынан  Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталган.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен шаарында жайгашкан 0,08 га жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде Б.А. аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткендиги такталган.

Областтык прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен 1 млн 880 миң сомдук жер тилке Баткен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.