Жалал-Абад областынын Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянты муниципалдык менчикке кайтарылды. 

Текшерүүдө, Могол айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы токтому менен Кара-Ой айылындагы мектеп куруу үчүн ажыратылган жер аянтынын ичинен жеке менчикке жер ажыратылып берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган жер аянтын мамлекетке кайтаруу максатында Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган. 

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген талаптын негизинде 1 млн 70 миң сомдук мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.