Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 9 млн 482 миң 958 сомго бааланган бала бакча мамлекетке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын токтому менен Советтик Армия көчөсүндө жайгашкан №9 сандуу бала бакчасы жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук сунуштаманын негизинде, бала бакча жана ага тиешелүү жер тилкеси менен кошо мамлекетке кайтарылды.