Жалал-Абад областынын Аксы райондук прокуратурасы тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген факты аныкталды. 

Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Мамай, Устукан айылдарына таза сууга түтүкчөлөрдү тартууда Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөп, мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 млн 357 миң 872 сомдук зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу”) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.