Жалал-Абад областынын Аксы райондук прокуратурасы тарабынан Кербен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке жалпы 3 892 621 сомдук зыян келтиргендиги аныкталды.

Кербен шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан 2015-жылдан баштап 2022-жылдын 1-февралына чейин Кербен шаардык мэриясынын кызматкерлери үчүн негизги белгиленген айлык маянага кошумча үстөк эмгек акысы мыйзамсыз бекитилип берилип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке жалпысынан 3 892 621 (үч миллион сегиз жүз миң токсон эки миң алты жүз жыйырмы бир) сом зыян келтиришкен. 

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.