Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда орун алган кызматтык кылмыш боюнча тергөө аяктап, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.

Тергөөдө, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттик бюджеттен кант  диабетине чалдыккан оорулуу жарандар үчүн бөлүнгөн медициналык жабдуулар жана дары-дармектердин ичинен 761 миң 760 сомдук дары-дармектерди сатып, өздөрүнө сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгында, келтирилген материалдык зыяндын 600 000 сому мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары И.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш соттун кароосуна жиберилди.