Жалал-Абад областынын Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныкталган.
Токтогул поселкалык өкмөтүнүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги жалпы 0,24 га жер аянтты ээлеген гараж Т.И. аттуу тургундун жеке менчигине берилип кеткен.
Райондук прокуратуранын сотко келтирилген доо арызы менен 3 млн 195 миң сомдук кыймылсыз мүлк мэриянын муниципалдык менчигине кайтарылды.