Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан Кара-Көл шаарында жайгашкан баасы 22 919 500 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты мамлекетке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2002-жылдын 12-июнунда Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан №6 балдар бакчасынын имараты 1,24 га жер аянты менен бирге мыйзамсыз түрдө жеке тараптардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, областтык прокуратура тарабынан сот органдарына доо арыз келтирилип, жыйынтыгында ал толугу менен канааттандырылган. 

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 22 919 500 сомду түзгөн балдар бакчасынын имараты 1,24 га жер аянты менен бирге муниципалитеттин балансына кабыл алынды.