Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарына карата 2021-жылга өздөрүнүн жана жакын туугандарынын кирещелери жана чыгашалары жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын белгиленген мөөнөтүндө тапшырбагандыктан, аларга карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексинин 438-беренесинин негизинде, укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, сот органдарына кароого жиберилген.

Сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары административдик жоопкерчиликке тартылуу менен аларга 930 000 сом айып пул салынган.