Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жашоочусу, турак-жайы жок жашы жете элек жетим-бала Э.А. уулуна 0,15 га аянтындагы жер тилкеси ажыратылып берилди. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн тургуну Э.А. уулу аттуу томолой жетим бала турак жайы менен кезексиз түрдө камсыз болбой, мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган. 

Мыйзамдарга ылайык, жетим балдарга, ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына ченемдик укуктук актыларынын бузулуусун четтетүү жөнүндө сунуш келтирилген. Аны аткаруунун жыйынтыгында, аталган айыл өкмөттүн токтому менен турак-жай куруу үчүн жашы жете элек жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди.