Ысык-Көл областынын Түп райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жана мыйзамсыз ээлеп алып пайдаланып келишкен айыл чарба жерлерин мамлекетке кайтаруу иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүдө, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдору менен 3 дыйкан чарбасына жалпы 49,8 га айдоо жер аянттары мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Айдоо жер аянттарын мамлекетке кайтаруу үчүн райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздар толугу менен канааттандырылган.

Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 17 млн 688 миң сомго бааланган 49,8 га айдоо жер аянттары мамлекетке кайтарылды.