Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерди инвентаризациялоонун жүрүшүндө 15 түрдүү контурдагы 140 гектар айыл чарба жерлерин көп жылдар бою белгисиз адамдар тиешелүү документтери жок мыйзамсыз пайдаланып келишкендиги аныкталган. 

Аталган жерлерди үчүнчү жактар тарабынан мыйзамсыз басып алуу жана ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо, мыйзамсыз курулуштар, айыл чарба жерлерине зыян келтирүү, салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү жоготуу сыяктуу маселелердин алдын алуу максатында көзөмөл органы тарабынан айыл өкмөт башчысына прокурордук чара көрүү актысы киргизилген. 

Натыйжада, айыл чарба багытындагы 21 млн 816 миң сомду түзгөн, жалпы аянты 140,0 га жер тилкелери айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.