Чүй областынын Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Интернационал айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2019-жылы аталган айыл өкмөтү тарабынан 9 жер тилкеси жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан 9 жер тилкеси боюнча берилген жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.
Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 3 млн 870 миң сомго бааланган 9 жер тилкеси Интернационал айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.