Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан мектептин жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында, райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.