Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Маевка айылындагы 5,8 га жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде В.С. аттуу жарандын жеке менчигине берилген.

Аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында, көзөмөл органы тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылды. 

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 25 млн 002 миң 255 сомдук 5,8 га жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.