Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан Токмок шаардык Жалпы дарыгердик практика борборунда (мурдагы Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана аймактык ооруканасы) жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен мамлекетке 2 502 885 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. 

Тактап айтканда, 2020-жылы аталган медициналык мекемесинин кызмат адамдары жасалма эмгек келишимдерди түзүү менен айрым административдик-башкаруу кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка төлөм түрүндө мыйзамсыз жол менен 2 133 615 сом төлөөлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле, алар бланкалык продукцияларды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча жасалма документтерди түзүү менен 369 270 сом акча каражатын ыйгарып алышкан. 

Жогорудагы фактылар боюнча материалдар кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.