2022-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Башкы прокурорунун орун басары Адыл уулу К. менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коррупцияга каршы аракеттенүүгө, адам сатууга, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жаатындагы чараларды күчөтүү, ошондой эле республиканын прокуратура органдарынын кадрдык потенциалын чыңдоо боюнча биргелешкен долбоорлордун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Атап айтканда, Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жана Эл аралык баңги заттарына каршы күрөшүү жана укук коргоо иштери боюнча бюро уюмунун эксперттик колдоосу менен экономикалык жана кызматтык кылмыштарды аныктоону, тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, антикоррупциялык экспертизасын жүргүзүү ыкмаларын жакшыртуу, БУУнун коррупцияга каршы Конвенциясын ишке ашыруунуда изилдөөлөрдү жана серептерди уюштуруп келүүдө.

БУУ Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жана прокуратура органдарынын көзөмөлдөө функцияларынын сапатын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга оң баа беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коррупцияга каршы программаларды ишке ашыруунун алкагында кызматташууну мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишти.