Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан келип түшкөн маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнө текшерүү уюштурулуп, натыйжада аталган аскер бөлүктүн анык мөөнөттүү аскер кызматкери катардагы жоокер Б.Э. Бишкек шаарынын 4-ооруканасына табарсыгы жарылып жаткарылыгандыгы тастыкталган. 

Бул факты Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. 

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына катардагы жоокердин атасы Э.Смаилов арыз менен кайрылып, анда 86123 аскер бөлүгүнүн контракттын негиздеги аскер кызматкери прапорщик Ж. уулу Т. Карата чара көрүүнү суранган. 

Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 338-беренеси менен кылмыш иши козголгон. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын ӨКМнин 86123 аскер бөлүгүнүн контракттык негиздеги аскер кызматкери Ж. уулу Т. кармалып, гауптвахтага киргизилди.  

Бүгүнкү күндө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан окуянын жагдайын жана башка жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан анык мөөнөттүү аскер кызматкерлерине карата уставдык эрежелерин бузган фактыларын аныктөө боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.