Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Дж.Джаманбаева менен Европа Бирлигинин «Кыргыз Республикасында Мыйзамдын улуктугу - 2-фаза» программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Дж.Джаманбаева башкы көзөмөл органы менен Европа Бирлигинин Программасынын ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, прокурорлордун кесиптик деңгээлин жогорулатуу, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу менен «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» аталган автоматташтырылган маалымат тутумун ишке ашыруу маселелери боюнча жетишкендиктерди белгиледи.

Өз кезегинде, белгиленген Программанын өкүлдөрү прокуратура органдарынын ишинин жогоруда аталган бардык багыттары боюнча ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу Борборунун жаңы сайты менен тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча мындан аркы пландарды, анын ичинде кесиптик даярдыкты жогорулатуу, «КЖБР» АМСны өркүндөтүү, ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн чагылдырууга эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулашты.