Бүгүн,  2022-жылдын 26-майында  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев Баткен областына иш сапары менен барды. 

Анын  жүрүшүндө, Башкы прокурор областта мыйзамдуулуктун сакталышы жана анын аткарылышы боюнча талаптардын ишке ашырылышы , ошондой эле республика боюнча болуп өткөн ротациянын негизинде Баткен областына дайындалган прокурорлор жана областтын бардык прокуратура кызматкерлери менен жолугушуп, иштөө шарттары, турак жай маселеси жана Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын имараты, алардын кызматтык турак-үйдүн курулуштары менен жеринде таанышып чыкты.