2021-жылдын 20-ноябрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.  

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров өлкөбүздөгү жүрүп жаткан укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстердин кабыл алынышы, прокуратура органдарына тергөө функциясынын кайтарылышы, мыйзам демилгелөө укугунун берилиши менен кошо чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилеп өттү. 

«Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан, 2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү  функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү Башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», — деди Президент С.Жапаров.

Аны менен катар, мамлекет башчы мыйзамдагы өзгөрүүлөр биринчи кезекте жарандардын укуктарынын корголушуна, алардын бузулган укуктарынын толук калыбына келтиришине жасалган кадам экенин, мыйзам бузгандарга карата кол тийбестик деген түшүнүк болбошу керектигин айтып, көзөмөл органынын кызматкерлери адилеттикти орнотууда таза, принципиалдуу болуу менен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөөнү талап кылды.  

Иш-чарага өлкө башчысынан сырткары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Н.Ж.Бакирова, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы К.К.Ташиев, Ички иштер министри У.О.Ниязбеков, Коопсуздук Кеңешинин катчысы М.М.Иманкулов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана прокуратура органдарынын ардагерлери катышты.