2021-жылдын 20-ноябрь күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. 

Бул иш-чараны чагылдырууну каалаган жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн бүгүн, 18-ноябры саат 16:00гө чейин Башкы прокуратуранын пресс-кызматынын (0312) 54-28-62 номери аркылуу байланышып, аккредитациядан өтүүнү суранабыз.

Ар бир катышуучудан медициналык беткап тагынып келүүсү, пандемия шартындагы эрежелерди сактоо талап кылынат.

Күнү: 2021-жыл 20-ноябры

Убактысы: 9:00

Дареги: Бишкек шаары, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында