Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 9 349 450 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан 19 580 чарчы метр жер тилкесин (спорт аянтчасы) дыйкан чарбага берүү боюнча 2017-жылдын 14-июнунда Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган. 

Ошондой эле, Кадамжай кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган дыйкан чарбага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арызы толугу менен канааттандырылган.

       Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.