Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында жана Салык кызматында бюджеттик мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүү уюштурулду.

Аталган мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары алдын ала макулдашууларга барып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өздөрүнүн иштеринин натыйжалуулугун, тиешелүү деңгээлде аткаргандыгын көрсөтүү максатында, бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жасалма жол менен 100% жогорулатышкан. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2019-жылдын 31-декабрында укук коргоо органдарынын Бирдиктүү депозиттик эсеп счетундагы салыктык чегерүүлөр болуп саналбаган 491 877 823 сом акча каражаты мыйзамсыз түрдө Салык кызматынын эсебине которулгандыгы аныкталган.

Натыйжада, Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бюджеттин киреше бөлүгү 100% аткарылгандыгы тууралуу Салык кызматынын жалган отчету берилген.

Башкы прокуратура тарабынан аталган факты боюнча чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренесинде (кызматтык жасалмачылык) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.