Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Башкы прокурор тарабынан бекитилген 2021-жылга карата Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында кадрларды даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун Окуу-тематикалык планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөөчү кызматкерлерди кесиптик даярдоо борбору тарабынан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жана БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын Регионалдык бөлүмчөсүнүн колдоосу менен 2021-жылдын 31-майында жана 1-июнунда Ош, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын прокуратура жана УКМК кызматкерлери үчүн «Кыйноолор жөнүндө арыздар жана билдирүүлөр боюнча жазык иштерин тергөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында көчмө тренингдер өткөрүлдү.

Ушундай эле тренинг 2021-жылдын  1-2-июнунда  Жалал-Абад шаарында,  Жалал-Абад областынын прокуратура жана УКМК кызматкерлери үчүн уюштурулду.

Бул тренинг жарандарды кыйноолордон жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерден коргоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Тренингдин жүрүшүндө теориялык маалыматтар катышуучулардын окуя болгон жерге кароо жүргүзүү,  жабырлануучуларды жана кыйноолорду колдонууга шектелген адамдарды суракка алуунун психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу,  алардын ортосунда беттештирүү жүргүзүү, кыйноолордун издерин бышыктоо, соттук-медициналык корутундуларды талдоо жана баалоо боюнча тажрыйбаны өркүндөтүүгө багытталган практикалык тапшырмалар менен коштолду.

Тренингдин соңунда катышуучуларга сертификаттар берилди.