Жарандардын укуктарына жана милдеттерине карата терс сын-пикирлерди эске алуу менен башкы прокуратура сотко чейиинки өндүрүштү эки стадияга бөлүүнү сунуштады. Бул тууралуу Курманкул Зулушев Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйында билдирди.

         - Биринчиден кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталгандан кийин тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт. Мындай текшерүү, тергөө иш-аракеттеринин так чектелген тизмеси боюнча гана жүргүзүлөт. Экинчиден тергөөгө чейинки текшерүү аяктагандан кийин  жазык ишти козгоо жөнүндө же иш козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. Жазык иши козголгондон учурдан тартып так белгиленген мөөнөт менен тергөө башталат. Мында, тергөөгө чейинки текшерүү стадиясына толук көлөмдө тергөө стадиялары үчүн каралган соттук контролдун жана адамдын укуктарын коргоонун бардык кепилдиктери жайылтылат.

         Мындан тышкары учурда иштеп жаткан изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүнүн тартиби активдүү талкууга алынды. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мурдагы эски системаны киргизүүнү сүнушташты. Жыйынтыгында эксперттик топтун көпчүлүгү колдонуудагы кодекстердеги эрежелерди сактап калууну туура көрүштү. Башкы прокуратуранын позициясы дагы бул маселеде эксперттик топтун көпчүлүгүнүн ою менен дал келет. Сунушталып жаткан вариантта изин суутпай издөө ишин жүргүзүү жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү, атайын тергөө аракеттери боюнча кылмышты болтурбоо, далилдерди жана кылмышкерлерди издөөнү камтыйт - деди Курманкул Зулушев