Азыркы колдонуудагы Жазык кодекси боюнча бир кылмыш жасагандыгы үчүн жарандар эки ирет жазага тартылышууда. Мындай пикирин Башкы прокурор Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулап жатып билдирди. 

         Башкы прокурор адам өлтүрүү, уурдоо, тоноо, каракчылык, алдамчылык сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпкерлер эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза менен бирге айып пул төлөп жатышкандыгын кошумчалады. 

  • Биз мындай эки жаза чектөөнү алып, жазанын бир түрүн белгилөөнү киргиздик. Бул жагдай Конституцияга каршы ченем болчу. Эгерде айыпкер айып пул төлөөгө шарты жок болгон учурда, сот жаза чектөө алдында бул жагдайды эске алуу менен жазанын коомдук жумуштарга тартуу түрүн колдонушу мүмкүн. Коомдук жумуштарга тартуу мурда жазуу жүзүндө калып, аткаруу механизмдери жок болуп келген. Азыр ал жаза түрүн аткарууну камсыз кылуу пробация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилди. Бул абдан керектүү ченем болгондуктан, ийгиликтүү ишке ашат деген ойдобуз - деди Курманкул Зулушев