Коомдо учурда колдонулуп жаткан Жазык кодексинин расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (жек көрүүчүлүктү) козутуу үчүн жоопкерчилик каралган 313-беренеге карата бир топ сын-пикирлер айтылууда. Мындай пикирин башкы прокурор Курманкул Зулушев Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулаган жыйында билдирди. 

  • Азыр бул аракеттер оор кылмыштын катарына кирет. Кылмыш-жаза кодексинин кайра иштелип чыккан долбооруна ылайык, бул кылмыш үч бөлүккө бөлүнүп, кесепеттеринин оордугуна жараша биринчи бөлүгүндө эң жогорку жаза 5 жылга чейин, экинчисинде 5тен 8ге чейин, үчүнчүсүндө 8 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Ушул  кылмыш үчүн жоопкерчиликтин учурда колдонулуп жаткан чаралары гуманизм жана адилеттүүлүктүн принциптерине толук жооп бербейт деп эсептейбиз. Анткени пайда болгон кесепеттердин коомдук коркунучу эске алынбайт. Албетте, улуттук же диний кастыкты козутуу кылмыш катары каралышы керек, бирок иш жүзүндө келтирилген кесепеттердин оордугун эске алуу дагы өтө маанилүү - деди Башкы прокурор.

         Өлкөнүн башкы көзөмөл органын башчысы  бул беренеге саясий араздашуу жөнүндө толуктоолор киргизилбегендигин, себеби Кыргыз Республикасынын  Конституциясы ар бир адамга ар кандай саясий көз караштарды кармануу укугун берерин, ошондой эле саясий партиялар коомдогу ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун көп түрдүү саясий эркин билдирүүгө көмөк көрсөтөт деп белгилейт.