Үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде эки же андан ашык жасалган болсо мындай аракеттер кылмыш болуп саналат. Мындай учурда кылмышкерлерге карата 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралды. Бул туралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев   бүгүн 2-июнда Жазык, Жазык-процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорун талкуулап жатып билдирди.

  • Азыркы учурда кылмыштын кесепетинен 10 миң сомго чейин материалдык зыян келтирилсе Жоруктар кодексине ылайык жоопкерчилик каралган. Ал эми жаңы долбоор боюнча мындай аракеттерден келтирилген зыяндын өлчөмү 1000 сомдон жогору белгиленип, ага карата кылмыш катары жоопкерчилик каралат - деди Башкы прокурор.

         Өлкөнүн башкы көзөмөл органын башчысы жумушчу эксперттик топ өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган кылмыштардын жана жоруктардын айрым курамдарын карап чыккандыгын кошумчалады.

  • Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук бир жылдын ичинде 2 же андан ашык жолу жасалган болсо мындай аракеттер кылмыш болуп саналат, анда кылмышкерлерге карата 5 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралды. Учурдагы Жоруктар жөнүндө кодекске ылайык, үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн 30 миңден 60 миң сомго чейин айып төлөнөт, же түзөтүү, ошондой эле коомдук жумуштарга тартылат деп көрсөтүлгөн-деди Башкы прокурор.

         Кыргызстанда укуктук-соттук реформа 2012-жылы башталган. Жаңы кодекстер жана мыйзамдар 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылы иштей баштаган.

         Аларды кайра өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору быйыл 7-майда парламенттин сайтына коомдук талкууга коюлду. Жаңыртылган долбоорлорду 1-апрелде президенттин жарлыгы менен түзүлгөн эксперттик топ иштеп чыккан.