2021-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ардагери, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Паси Абдиева 84 жашында каза болду.
Абдиева Паси Ташкен мамлекеттик университетин аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жумушка кабыл алынып, Ош шаарынын прокурорунун стажер-жардамчысы катары эмгек жолун баштаган.
1962-жылдын 12-декабрында Араван райондук прокуратурасынын тергөөчүсү болуп дайындалган.
1963-жылдын 7-январында Ноокат райондук прокуратурасынын тергөөчүсү кызматында иштеген.
1967-жылдын 17-июнунан 1973-жылдын 14-августуна чейин Көк-Жаңгак шаарынын прокурору болгон.
1973-жылдын 28-августунан 1974-жылдын 13-майына чейин Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ноокат райондук аткаруу комитетинин катчысы болуп эмгектенген.
1974-жылдын 31-майынан 1978-жылдын 16-июлуна чейин Майлы-Сай шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү, андан кийин прокурордун жардамчысы кызматында иштеген.
1978-жылдын 16-июлунан 1983-жылдын 14-декабрына чейин Базар-Коргон жана Алай райондорунун прокурорлорунун жардамчысы болгон.
1983-жылдын 14-декабрынан 1993-жылдын 3-майына чейин Алай районунун прокурору болуп иштеп, андан кийин Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан бошоп пенсияга чыккан.