Бүгүн, Башкы прокуратуранын жамааты Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Сокулук районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборундагы жаш жеткинчектерди куттукташты.
Прокуратуранын атынан борборго оюнчуктар, тамак-аш жана күнүмдүк турмушка керектүү буюмдар берилди.
Учурда аталган борбордо 80ге жакын бала дарылануу жана реабилитация курстарынан өтүп жатышат.