2021-жылдын 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан тегерек стол уюштурулат. Анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстеринин, ошондой эле эксперттик топтун мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоорлорунун презентациясы өтөт. Каалоочулар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий www.prokuror.kg сайтындагы “Ченемдик укуктук актылардын долбоорлору” бөлүмүндө жарыяланган мыйзам долбоорлору менен таанышып чыга алышат.

         Бул мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлгандан кийин мыйзамдарды өзгөртүү зарылдыгын колдогон, жаңы кодекстерди иштеп чыгууга ар кандай сунуштар менен кайрылган тараптар болду. Ошол эле учурда, жазуу түрүндө жүйөлөштүрүлгөн сунуштар азыраак түшкөндүгүн өкүнүч менен белгилейбиз. Бирок, Башкы прокуратуранын кызматкерлери аталган мыйзам долбоорлоруна байланыштуу бардык билдирүүлөр менен пикирлерге байкоо жүргүзүп, ар тараптуу карап чыгышты. Келип түшкөн сунуштардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрдүн 70% жакыны эске алынды. Натыйжада аталган мыйзам актыларынын толукталган долбоорлору алгачкы варианттарынан кыйла айырмаланды. 

         Толукталып чыккан документтерди талкуулоо максатында аталган тегерек стол кенен форматта өткөрүлөт. Ага катышууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Аппаратынын жана башка мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, ошондой эле даярдалган кодекстердин долбоорлору ишмердүүлүгүнө байланышы бар мамлекеттик органдардын кызматкерлери чакырылат. Мындан тышкары, биз бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын өкүлдөрүнүн, илимий чөйрөнүн, юристтердин, көз карандысыз эксперттердин, укук коргоочу уюмдардын, бизнес коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын активдүү катышуусун күтөбүз. Тегерек столду чагылдырууну каалаган бардык жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн эшик ачык. 

         Аны менен катар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну улантууда жана бардык кызыкдар тараптарды өз сунуштарын жазуу түрүндө берүүгө чакырат.