Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Рысбек Альчиев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Кхан мырза менен жолугушту.

Р.Алчиев элчини расмий дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган иш чараларга ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун катышуучулары өз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерди талкуулап, укуктук жардам көрсөтүү тармагында эл аралык келишимдерди кеңейтүү жана кылмышкерлерди жоопко тартуу үчүн адамдарды өткөрүп берүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелерде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешип, аны мындан ары чыңдоо ниетин билдиришти.