Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ысык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Жалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз прокуратурасынын 96 жылдыгына арналган иш-чарада прокуратура органдарынын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

Башкы прокуратура маалымдайт:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Штабы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана референдумду өткөрүүдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернет тармактарында жарыяланып жаткан маалыматтарды карап чыгып, төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

1. «Азаттык» сайтында жарыяланган «Үгүт ишиндеги талапкерлердин таскагы» аттуу макалада президенттике талапкер Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусунун шайлоочулары менен жолугушуу пландалып, бирок өтпөй калгандыгын, анын штабынын айрым мүчөлөрүнө карата белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгондугун билдирген. Бул маалымат боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын ЖКнын 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен КЖБРге каттоого алынган жана азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

2. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Жапаровдун Талас облусунда өткөн жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын УКМКнын күзөт кызматынын кызматкерлери «Садыр Президент» деген кийим кийип алып аны коштоп жүрүшөт деген «Facebook» социалдык тармагында жарыяланган маалымат боюнча материалдар Талас облустук ИИБи тарабынан 2020-жылдын 17-декабрында КЖБРдин маалыматтарды эсепке алуу китепчесине каттоого алынган. Бирок, жогорудагы маалымат такталган эмес.

3. Ошондой эле, Төрөхан Жунусбековдун «Facebook» баракчасына «Талас эли Садыр Жапаров менен…шайлоо 2021» жарыялаган текстин айрым соцтармактын колдонуучулары «МеgaCom мамлекеттик ишканасынын мүдүрүнүн кеңешчиси президенттикке талапкер С.Жапаровду колдоп, мыйзамсыз үгүт иштерине аралашып, мыйзамда көрсөтүлгөн мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар тарабынан үгүт иштерине катышууга тыюу салынуучу нормаларды бузуп жатат» деп талкууга алышкан.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын талаптары боюнча 30 пайыздан жогору мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү бар ишканалардын кызматкерлери мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин катарына кирбегендигин билдирет.

Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын жетекчилиги же кызматкерлери тарабынан административдик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталганда гана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнүштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •