Размер шрифта
Интервал
Изображения
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Телефон доверия:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Фотогалерея

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

Кыргыз прокуратурасынын тарыхы РСФСРдин курамында жаңы кайра жаралуу тарыхында кыргыз элинин биринчи улуттук-саясий мамлекети Кара-Кыргыз автономиялык областы түзүлгөн учурдан башталат. Дал ушул област уюшулгандан кийин Кара-Кыргыз автономиялык областынын Революциялык комитетинин Президиумунун №6 токтому менен 1924-жылы 22-ноябрда 15 адамдан турган биринчи улуттук прокуратура негизделген. Ал мезгилде прокуратура юстициянын Элдик Комиссариатынын системасына, областтын прокурорунун кызматы облаткомдун түзүмүнө кирген. Кара-Кыргыз автономиялык областынын биринчи прокурору болуп 1924-жылдын 29-ноябрында Безносиков Михаил Петрович дайындалган. 1927-жылга чейин областтын прокурорлору болуп Дорогов Алексей Антонович (1925), Вельт Ян Генрихович (1925–1927-жж.) иштешкен.

Кара-Кыргыз автономиялык областы 2 жылдан ашуун өмүр сүрдү, ошол мезгилде прокуратуранын системасын түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөн. 1925-жылы сентябрда прокуратурада эмгек иштери боюнча прокурор деген кызмат ачылды. Прокуратуранын тергөөнүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүүролу жогорулады, жашы жетпегендердин кылмыш­туулугуна каршы күрөшүүгө прокуратура өзгөчө көңүл бурду.

Кара-Кыргыз автономиялык областынын прокуратурасынын ишмердүүлүгүнө токтолсок, бул мезгилде аялдардын укугунун басмырланышына карата күрөшүүнү белгилеп кетүү зарыл. Прокуратура органдары калыңды жоюу, көп аял алуу, кыздарды күч менен турмушка берүүгө байланыштуу кылмыш укугунун нормаларынын так аткарылышын камсыз кылган. Мисалы, 1926-жылы калың төлөө жанa кыздарды күч менен турмушка берүү боюнча прокурорлор тарабынан 27 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бейбаштыкка, ичкиликке каршы катуу күрөш жүргүзүлгөндүгү туурасында 1925-жылы прокуратуранын отчетунда белгиленген.

Жалпысынан, Кара-Кыргыз автономиялык областындагы прокурордук көзөмөл жергиликтүү бийлик органдарындагы жана башкармалыктардагы мыйзам актыларына, соттук көзөмөлгө, тергөө ишине жана алгачкы тергөөгө, жазасын өтөп жаткан адамдарды абакта кармоого карата көзөмөл жүргүзүү иретинде ишке ашырылган.

1926-жылы Кара-Кыргыз автономиялык областы Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөрүлгөн. Кыргыз АССРинин БАКнин 1927-жылдын 12-мартындагы биринчи сессиясында юстициянын Элдик комиссариаты негизделген жана юстициянын биринчи элдик комиссары бир эле учурда Кыргыз Республикасынын прокурору болуп эсептелген. Бул кызматка биринчи кыргыз прокурору болуп Таш Худайбергенов дайындалган.

1933-жылы ССР Союздук прокуратурасы уюшулгандан кийин биримдик жана прокурордук көзөмөлдү борборлоштуруу принциби бекитилген. Прокуратуранын негизги функциялары болуп жалпы көзөмөл, кылмышты тергөө, кылмыштык сот өндүрүшүнүн бардык аткаруучуларынын мыйзамды аткаруусун көзөмөлдөө, сотто айыптоону колдоо эсептелген.

Кыргыз АССРинин прокуратурасында ага прокурорлор, республиканын прокурорунун жардамчылары, прокурорлор болгон. Округдарда, райондордо округдук, кантондук, райондук прокурорлор иш алпарган. 1934-жылы Кыргыз АССРинин аймагында 27 райондук прокуратура иштеген.

1936-жылы союздук республика түзүлгөндөн кийин прокуратура юстэлкомдун системасынан бөлүнүп чыгып өз алдынча түзүм болуп, Кыргыз АССРинин прокуратурасы Кыргыз ССРинин прокуратурасы болуп өзгөрүлгөн.

Кыргыз ССРинин прокурору СССРдин прокурору тарабынан дайындалган, ал эми райондук, шаардык прокурорлор – Кыргыз ССРинин прокурору тарабынан СССРдин прокурорунун бекитүүсү менен дайындалган.

Кыргыз ССРинин прокуратурасы өз убагында республиканын аймагында бирдиктүү мыйзамды бекитүүдө өзгөчө ролду ээлеген. Архивдик материалдар, адабий булактар күбөлөгөндөй прокуратура органдары кедейлердин эмгек келишимдеринин мыйзамдуулугун текшерген, мал уурдоочулук, пара алуучулук, акча жыйноочулук, шайлоо укугун бузуулар менен күрөшкөн, жумушчуларды шайлоого катыштырбаган фактыларды аныкташкан, зор агартуучулук иштерин жүргүзүшкөн.

Прокуратура органдары сабатсыздыкты жоюуда өзгөчө чоң салым кошуп, мыйзамды жайылтуу иштерин аткарышкан. РСФСРдин Конституциясы, Жер Кодекси, башка мыйзам актылары кыргыз тилине которулган. Мыйзамды жакшыртууда прокуратура органдары бир топ алгылыктуу аракеттерди жасашкан. Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кодекстерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгууга катышышкан. (Мисалы, РСФСРдин Кылмыш Кодексин «чабыш», «бүтүм», «чечим» жөнүндөгү жаңы беренелер  менен толуктоо сунушталган).

Бул жылдары прокуратура тарабынан прокуратура органдарына жогорку билимдүү улуттук кадрларды топтоо, юридикалык билим берүү боюнча көп иштер жүргүзүлгөн.

1929-жылы алты айлык юридикалык курстар ачылган, ал эми 1930-жылы алардын бүтүрүүчүлөрү прокуратурага, тергөө органдарына ишке жөнөтүлгөн.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы прокуратура органдарынын кадрдык составын жакшыртуу тенденциясын үзгүлтүккө учураткан.

Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен бардык тармактын, анын ичинде аймактык прокуратуралардын иш аракеттери аскердик нукка бурулган. 1943-жылы 16-сентябрда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен бардык прокурордук тергөө кызматкерлерине формалык кийим менен бирге класстык чиндерди берүү киргизилген. Согуштан кийинки алгачкы жылдары эңкөрүнүктүү прокурорлор негизги аскер кылмышкерлеринин үстүнөн жүргүзүлгөн Нюрнгбергдик процесске (1945–46-жж.) активдүү катышышкан. СССРдин атынан башкы айыптоочу болуп ошол убактагы Украинанын прокурору, андан кийин көп жылдар бою ССР Союздук прокуратураны жетектеген Р.А. Руденко соттук процесске катышкан.

Согуш жылдарында Кыргызстан согуштан эң алыс болгондугуна карабастан, анын жашоосу согуш мезгилинин мыйзамдары боюнча өтө баштаган. Биздин республикага ондогон өндүрүш ишканалары, ССР Союзунун бардык республикаларынан миңдеген балдар жана чоңдор эвакуацияланган, госпиталдар уюштурулган. Кыргызстан Кызыл Армияга азык-түлүк менен аскердик кийим-кечелерди жөнөткөн.

Ушундай шарттарда прокурордук көзөмөлдүн милдети болуп өлкөнүн коопсуздугуна багытталган мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу эсептелинген. Прокуратура кызматкерлери болгон күчүн жана эмгегин жарандардын укугун коргоого жумшаган, уландардын көзөмөлсүздүгүн жоюу маселелери, согушта каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүн коргоо боюнча бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жасашкан. Мамлекеттик, эмгек жана аскер тартибин бузуулар, мамлекеттик жана коомдук мүлктү уурдоолор менен күрөшүү күч алган.

1946-жылдын 19-мартында СССР Жогорку Совети тарабынан «СССРдин Прокуроруна СССРдин Башкы прокурору деген аталышты ыйгаруу жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

1955-жылы 24-мартта СССР Жогорку Советинин Президиумунун Жарлыгы менен «СССРдеги прокурордук көзөмөл жөнүндө» Жобо бекитилген. 50-жылдардын аягында, 60-жылдардын башында жазык жана жазык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоо жүргөн. Бул укуктук нормалар бир топ деңгээлде демократиялык мамлекеттерде таанылган ар түрдүү кылмыштарга чара көрүү эрежелерине жакындатты. Жалпысынан, өзгөчө адамдын жеке керт башына сыйынуучулук күчөп турган мезгилде укук коргоо системасы мамлекеттин жарандарына карата гумандуу мамиле жасады. Прокуратура органдарынын ишинде инсандын эркиндиги боюнча өз алдынча маанилүү чечимдерди кабыл алууда демократиянын, ачык-айрымдуулуктун, коллегиалдуулуктун принциптери даана байкала баштады.

Прокуратура органдары үчүн тарыхый жактан алып караганда 1977-жылы кабыл алынган СССРдин төртүнчү Конституциясы жана 1979-жылы кабыл алынган «СССРдин прокуратурасы жөнүндө» мыйзамы эң маанилүү деп эсептелинет. Негизинен, Конституциянын 21-бөлүмүнө ылайык (5 статьядан турган), прокуратурага бир гана так көзөмөл жүргүзүү эмес, ошол мыйзамдардын бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети да жүктөлгөн. Жогору жактан көзөмөл жүргүзүү Башкы прокурорго гана эмес, ага баш ийген бардык прокурорлордун компетенциясына жараша жүктөлгөн. 1936-жылдагы Конституцияда мунун баары жок эле. 1987-жылы «СССРдин прокуратурасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген.
Бара-бара прокурордук көзөмөлдөөнү жазма буйрук жана эскертүү сыяктуу прокурордук чара көрүүнүн жаңы ыкмалары пайда боло баштаган.

Согуш маалында жана андан кийин прокуратурага согушка катышкан, кыргыз прокуратурасына бүт күч-аракетин жумшап талыкпай эмгектенген кызматкерлер кайрылып келе башташкан. Атап айтканда, Кыргызстандын прокуратура органдарында Закир Абдыкеев иштеген. Ал кыргыз прокуратурасына 1941-жылы кызматка келип, кырк жылдан ашуун өмүрүн прокуратурага арнаган, көптөгөн ордендер, медалдар, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кырк жылдан ашык убакыт Кыргызстандын прокуратурасында Сафронов Николай Максимович иштеди. Ал согушка башынан аягына чейин катышып, 1948-жылдан 1988-жылга чейин прокуратура органдарында эмгектенди. Ордендер, медалдар менен сыйланган.

1951-жылы прокуратура органдарына Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Мурзабек Жанчаров келип, 30 жылдан ашуун кыргыз прокуратурасында иштеген. Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгүүчүн үч жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, согушка катышкандыгы үчүн ордендер жана медалдар менен сыйланган.

1938–1940-жж. Кыргыз ССРинин прокурору Присяжный Аким Миронович болгон. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары (1940–1943) Кыргызстандын прокурору болуп Комолов Илья Иванович иштеген. Ал Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы менен сыйланган.1943–1948-жж. Кыргыз прокуратурасын Шевельков Федор Иванович жетектеген. Он жылдан ашуун мезгилде – 1948–1959-жж. Кыргыз ССРинин прокурору Романов Алексей Иванович болгон. Эки орден, медалдар жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Тарыхый жактан алып караганда прокуратура органдарына жөн гана жөндөмдүү, билимдүүлөр гана келбестен, баарынан мурда чынчыл, принципиалдуу, өз ишине берилген, Ата Мекенге жанын аябай кызмат кылууга, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк үчүн талыкпай күрөшүүгө даяр болгон адамдар келип иштешкен. Кыргыз прокуратурасынын түптүлүшүнүн алгачкы күнүнөн тартып, бүтүндөй басып өткөн тарыхый жолунда анын башында көрүнүктүү инсандар турушкан.

Жогоруда айтылгандай Кыргыз Республикасынын биринчи кыргыз прокурору Таш Худайбергенов болгон. 1916-ж. элдик көтөрүлүшкө жана 1917-ж. «Букара» кедей-дыйкан уюмун уюштурууга катышкан. 1927-жылы юстициянын элдик комиссары жана республиканын прокурору болуп дайындалган. 1933–1935-жж. эки жолу соттолгон. 1937-жылы кайрадан камакка алынып, 1954-жылга чейин камакта жазасын өтөгөн. Ал эми 1971-жылы өлгөндөн кийин акталган.

Тилекке каршы, кыргыз прокуратурасынын тарыхында анын беделин толуктабаган, атак-даңк кошпогон да мезгилдер болгон. 30–40-жж. репрессияны актоого таптакыр мүмкүн эмес эле, бирок кыргыз прокуратурасынын келечегин бул нерсе аныктаган жок. Биздин система өзүнө кылмыштуулук менен күрөшкөн көптөгөн чынчыл жана тайманбас адамдарды камтыган.

Тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, саясий репрессиядан жапа чеккендерди актоо менен дал ушул прокуратура органдары иш алпарган. 80-ж. аягында – 90-ж. башында актоо боюнча топ (Мамбеталиев С., Гордок А.С., Бочаров П.Г. ж.б.) түзүлүп, бир топ иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада 10 миңге жакын кыргыздар, орустар, өзбектер жана башка улуттун өкүлдөрү акталып, алардын тизмеси басма сөз беттеринде жарыяланган.

Кыргыз прокуратурасынын тарыхында 1959–1961-жж. прокуратураны жетектеген Акаев Шейшеке Акаевичтин ысымын сыймыктануу менен айтсак болот. 1948–1953-жж. ал республиканын прокуратурасында граждандык-соттук бөлүмдүн начальниги болуп иштеген. Беш жыл бою мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, эки жыл республиканын прокурорунун биринчи орун басары болгон. Көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин алдындагы арбитражда башкы арбитр болуп эмгектенген. Үч орден, жети медалы, үч ирет Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз прокуратурасынын тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү болуп калган, 1961–1976-жылга чейин үч конституциялык мөөнөттө 15 жыл бою республиканын прокуратурасын жетектеген Сатаров Александр Михайловичтин атын атасак болот. Бул мезгил бир топ кызыктуу иштер менен эсте калган. Дал ошол мезгилде кыргыз прокуратурасы СССРдеги республикалык прокуратуралардын арасынан биринчилерден болуп кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо органдарынын иш-аракетин координациялоо ролун аткарды. 1961-жылы координация кеңеши түзүлгөн, ошондон тартып кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө тыгыз байланыш түзүүукук коргоо органдарынын күндөлүк иш аракетине айланды.

Александр Михайловичтин демилгеси менен алдыңкы катардагы тажрыйба мектеби уюшулган, прокуратураларда маалымат бөлүмү ачылган, областтык прокуратуралар менен телетайп байланыш системасы түзүлгөн. Кыргыз прокуратурасынын тажрыйбасындагы бир топ иш аракеттер СССРдин башка республикаларында да колдонулган.

Александр Михайлович прокуратурага 37 жылдан ашуун өмүрүн арнаган. Мыйзамдуулукту чыңдоого сиңирген эмгеги үчүн ордендер, медалдар менен сыйланган жана ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген наам ыйгарылган. Ал бир нече ирет Кыргызстандын Жогорку Советинин депутаты, республиканын Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1976–1983-жж. Кыргыз Республикасынын прокурору болуп Демичев Михаил Лаврентьевич иштеген. Буга чейин ал Кыргыз ССРинин прокурорунун алдындагы өзгөчө иштер боюнча тергөөчү, 8 жыл республиканын прокурорунун орун басары болгон. «Ардак белгиси» ордени, сегиз медалы жана республиканын Жогорку Советинин үч Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргызстандын Жогорку Советинин 9–10-чакырылыштарында депутат болуп шайланган.

1983–1987-жж. Кыргыз Республикасынын прокурору – Дрыжак Павел Николаевич. Кыргыз прокуратурасындагы кызматын ал Ош шаардык прокуратурасында стажер болуудан баштаган. Ош областынын прокуратурасында ага тергөөчү, андан кийин ушул эле прокуратурада тергөө бөлүмүнүн начальниги, 7 жыл бою Ош областынын прокурору болгон. Жалпысынан алганда, ал кыргыз прокуратурасында 20 жылдан ашуун убакыт эмгектенген, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун судьясы.

Прокуратуранын мурунку кызматкерлеринин көбү1987–1991-жж. Кыргыз прокуратурасын жетектеген Иванцов Геннадий Ивановичтин ысмын жылуу эскеришет. Жогорку нравалык жана профессионалдык сапаттарга ээ болуп, эрктүү жана принципиалдуу адам катары Геннадий Иванович ушул нерселерди кол астындагылардан да талап кылган. Муну менен бирге ал ар дайым коллектив үчүн камкордук көргөн жана прокуратуранын ардагерлерине чоң көңүл бурган.

1945-жылы 19 жашында кыргыз прокуратурасына кызматка келип, 45 жылдан ашуун өмүрүн прокуратурага арнаган Кожокулов Акматкул жөнүндө сыймыктануу менен айтабыз. 20 жылдан ашуун убакыт республиканын прокуратурасында камакта отургандар боюнча бөлүмдү жетектеп келген. Өкмөттүн сыйлыктары, бир нече ирет СССРдин Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан сыйланган.

Абдулин Таплай Шакирович да 45 жыл бою прокурордук кызматта иштеген. Бул жылдарда бир топ оор кылмыштардын бетин ачкан. 1998-ж. пенсияга чыкты. Таплай Шакирович өтө татаалдыгы жана өзгөчөлүгү менен айырмаланган чарбалык кылмыштарды иликтөөдө жана тергөөдө кайталангыс адис болгон. Азыр Таплай Шакирович персоналдык пенсионер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, күжүрмөн кызматы үчүн жогорку өкмөттүк сыйлыктарга ээ болгон.

45 жыл прокуратурада кызматын өтөгөн Акматов Эсенбек Акматович, юстициянын 3-кл. мамлекеттик кеңешчиси. Прокуратура органдарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы катарында жаш кызматкерлерге өзүнүн зор тажрыйбасын бирге бөлүшүп келген. Кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн медалдар, «Прокуратуранын ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган.

Кыргыз прокуратурасында 44 жылдан ашуун убакыт эмгектенген Абдралиев Аскар Абдралиевичтин ысмын сыймыктануу менен айтабыз. Алгач тергөөчү, андан кийин райондун прокурору, 1982-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалган. Күжүрмөн эмгеги үчүн «Ардак белгиси» жана «Элдердин достугу» ордени, беш медалы менен сыйланган. Азыр Аскар Абдралиевич персоналдык пенсионер, ошого карабастан бүгүн да куч-кубатынан тайбай, көп убакытын коомдук иш-аракеттерге арнап, прокуратура органдарынын, соттун жана юстиция министрлигинин ардагерлер Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.

40 жылга жакын Кыргызстандын прокуратурасында Мамбеталиев Сасыкул талыкпай иштеди. Ал Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагерлер Кеңешинин биринчи төрагасы болгон.

Өмүрүнүн бараандуу жылдарын Момунов Раимбек Момунович да прокуратурага арнады. Убагында республиканын прокурорунун биринчи орун басары болуп, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси деген даражага чейин жеткен.

Көпчүлүк ардагерлер өзүнүн зор күч-кубатын жана жигерин кыргыз прокуратурасына арнашты. Кыргыз прокуратурасынын тарыхында Васюк Павел Тихоновичтин, Өмүралиев Өмүрбектин, Индекеев Намырбектин ысымдары сыймыктануу менен аталат. Алардын көп жылдык жемиштүү эмгеги мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген.

1942-жылдын күз айында 17 жаш курагында кыргыз прокуратурасына Токталиева Токуш Токталиевна келген. Артында 40 жылдан ашуун тажрыйбасы бар мол прокурордук кызматы калды. Мядзель Зоя Филипповна прокуратурада 25 жылдан ашуун убакыт эмгектенди, анын 16 жылын жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иштөөжөнүндө мыйзамдын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн начальниги болуп иштеди. 30 жылдык эмгек жолун прокуратурага Калько Ираида Прокопьевна арнады. Ал республиканын прокуратура органдарында эң мыкты тергөө аналитиктеринин бири болгон, тергөөчүлөр үчүн окуу-методикалык семинарын жетектеген. Иноземцева Любовь Алексеевна, Абдубатаева Советкан өңдүү мыкты тергөөчү-прокурорлор да көп жылдык өмүрүн прокуратура органдарында эмгектенүү менен өткөрүштү.

Сатаров Александр Михайлович түзгөн маалымат жана статистика кызматын 30 жылдан ашуун Ефремова Валентина Ивановна жетектеп келген. Көп жылдык талыкпас эмгегин кыргыз прокуратурасына Бегалиева Какен Түлөбаевна, Абдиева Паси өңдүү аялдарыбыз арнашты.

40 жылдан ашуун убакыт Калпакова Анвар Абдыракмановна кыргыз прокуратурасында талыкпай иштеп келген. Ал Токмок шаарынын, Фрунзе шаарынын Октябрь районунун, 5 жыл Кыргыз транспортунун прокурору болгон. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Музейин жетектеген, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

30 жылдан ашык убакыт бою өз тажрыйбасын жана билимин прокуратура органдарынын кадрларын тарбиялоого арнаган Соколова Нина Михайловна Республиканын прокурорунун орун басары болуп иштеген, юстициянын 3-кл. мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Бопоев Назаркул юстициянын 3-кл. Мамлекеттик кеңешчиси. Беш жыл Башкы прокурордун орун басары болуп эмгектенген. Жети жыл прокурор кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун башчысы катары жаш кызматкерлерге өзүнүн зор тажрыйбасын бирге бөлүшүп келген.

Султангазиев Асанкул Султангазиевич, юстициянын 3-кл. мамлекеттик кеңешчиси, 30 жылдан ашык убакыт бою өз тажрыйбасын жана билимин прокуратура органдарына арнаган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагерлер Кеңешинин төрагасы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Исаев Рустамбек Исаевич прокуратура органдарына 37 жылдык өмүрүн арнады. Анын 28 жылын жетекчилик кызматтарда жүрүп өтөдү. Ал райондун прокурорлугунан тартып республиканын Аскер прокурору жана Башкы прокурордун орун басары кызматтарында эмгектенди. Юстициянын генерал-майору, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Анын ак ниеттүү эмгеги Мекен тарабынан бааланган: ал бир канча өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктардын ээси, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген наам ыйгарылган.

Умарова Гульорам Ибрагимовна прокуратура органдарынын түзүлүшүндө 30 жылдан ашуун эмгектенди жана ушул жылдардын ичинде райондук прокурордун жардамчысы кызматынан баштап бөлүмдүн башчысы, Башкы прокуратура башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматтарына чейин эмгек жолун басып өткөн. Ошол эле маалда ал мамлекеттик айыптоо жаатында дагы иш алып барып жарандык иштерге прокурорлордун катышуусун камсыздаган.

Шейшеналиев Шаведин Шейшеналиевич прокуратура органдарында 37 жыл эмгектенди. Ак ниет кызматы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген наамга татыган. Учурда ардактуу эс алууда.

Бакиров Кадыркул Бакирович 41 жылдык жалпы эмгек жолунун 29 жылын прокуратура органдарына арнаган. Адистештирилген прокуратураларга, Чүй областтык, райондук прокуратураларына жетекчилик кылган. 2003-жылы ага юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси деген класстык чин ыйгарылган.

Женалиев Адил Женалиевич  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи болуп эсептелет. 38 жылдан ашуун прокуратура органдарында эмгектенген, анын ичинен он жылдан ашуун тергөөчү болуп эмгектенсе, калган 28 жылдын ичинде алты райондун жана областтын прокурорлук кызматын аркалаган.

Суранбаев Мытап Юсупович прокуратура органдарында эмгектенген 26 жылдын 20 жылын жетекчи кызматтарда өтөдү. Ал райондук прокурордун орун басарлыгынан областтык прокурордун орун басарлыгына чейинки кызматтарды аркалаган.

Кадырова Сайрагүл Кадыровна прокуратура органдарынын түзүлүшүнө 30 жылдык эмгегин арнады. Ишинде жогорку ийгиликтерге жетишкендиги үчүн республиканын өкмөттүк сыйлыгы – «Даңк» медалы менен сыйланган.

Республиканын Башкы прокурорунун биринчи орун басарлары жана орун басарлары болуп эмгектенишкен юстициянын төмөндөгү мамлекеттик кеңешчилери прокуратура органдарынын тарыхында өздөрүнүн издерин калтырышты: Мукашев Жапар Аширович; Кожоналиев Кубатбек Азатович; Макешов Джумадил Макешович; Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристтери Абдиев Курмантай Абдиевич жана Насиза Сумар Хавазович.

Прокуратура органдарындагы 30 жылдык эмгеги бааланып, Абдуллаев Садыкбай Абдуллаевичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылган.

1990-жылдын 15-декабрында мамлекеттин эгемендүүлүгүн салтанаттуу түрдө жарыялап, Кыргыз Республикасы мамлекеттик суверенитети жөнүндөгү Декларацияда республиканын бүтүндөй аймагында Конституциянын жана мыйзамдын улуктугун бекитти. Муну менен анын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети прокуратура органдарына жүктөлдү (КРнын Конституциясынын 78-ст.).

1993-жылдын декабрында КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды. Ушул мезгилден баштап, эгемендүү Кыргызстандын прокуратура органдарынын мамлекеттик-укуктук статусу аныкталып, структурасы түзүлүп, ишмердүүлүгүнүн багыттары белгиленип, көзөмөл жүргүзүүнүн укуктары такталды. Натыйжада, бул өзгөртүүлөр прокуратура органдарында башкаруу системасынын жаңы сапатка өтүүсүнө өбөлгө түздү.

Көз карандысыз Кыргызстандын прокурору (1991–1993) Баекова Чолпон Турсуновна болгон. Прокуратураны жаңы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүш жылдарында жетектеп, жаңы Кыргыз прокуратурасынын түзүлүшүнө зор салым кошту. Чолпон Турсуновна Кыргызстандын прокуратурасынын башында турган биринчи аял.

Жети жыл бою 1993-жылдан 2000-жылга чейин Кыргыз Республикасынын биринчи Башкы прокурору болуп Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевич иштеген. Дал ушул жылдары «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамда суверендүү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук саясатын ишке ашырууда прокуратуранын иш-аракеттеринин негизги принциптери бекитилген.

Укуктук мамлекеттин принциптерин ишке ашырууда, мыйзамдуулукту, тартипти, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, муундан муунга өткөрүлүп берилип жаткан бай прокурордук-тергөө салттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин салымын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү 22-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү майрам – Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин Күнү деп бекитти (КРнын Өкмөтүнүн 25.07.2000-ж. №456 токтому).

Кийинки көзөмөлдөөчү органдын жетекчилери болуп Абышкаев Чубак Садыкович (2000–2002-жж.) жана Абдылдаев Мыктыбек Юсуповичтер (2002–2005-жж.) дайындалышкан.

2005-жылдагы революциялык окуялар көзөмөл жүргүзүүчү органдын ишмердүүлүгүнө өз таасирин тийгизбей койгон  жок, анын жектекчилиги тез-тез алмашылып турду. 2005-жылдын март айынан октябрь айына чейин республиканын Башкы прокурорлук кызматын Мурат Абдыбекович Суталинов, Азимбек Анаркулович Бекназаров, Бусурманкул Беркутович Табалдиевдер аркалашкан. 

2005–2007-жылдары прокуратураны Камбаралы Ташполотович Конгантиев, 2007–2009-жылдары Эльмурза Ракиевич Сатыбалдиев, 2009–2010-жылдары Нурлан Жанышевич Турсункулов жетектешкен.

2010-жылдын апрель революциясынан кийинки республиканын соңку жаңы тарыхында көзөмөл жүргүзүү органынын башчысынын милдетин 2010-жылдын 7-апрелинен 13-сентябрына чейин Байтемир Карыпбекович Ибраев жана 2010-жылдан 2011-жылга чейин Кубатбек Калбекович Байболов аткарышкан.

2010-жылдагы революциялык окуялардан кийин мамлекеттик башкаруу түзүлүшүндө болуп өткөн өзгөрүүлөр, анын артынан эле конституциялык өзгөрүүлөрдүн болуп өтүшү прокуратуранын мамлекеттик-укуктук багытына дагы өз таасирин тийгизди.

2010-жылдын орто ченинде бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Конституция прокуратураны башка мамлекеттик органдардын катарында карап, ага ылайык прокуратура органдарына башка ыйгарым укуктары менен эле катар аткаруу бийлигинин органдары тарабынан, ушундай эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жалпы эле жетекчилер тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүү милдети тагылган. Ошону менен эле катар мамлекеттик органдардагы тартип бузган кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу милдети да жүктөлгөн.  

Прокуратура коомдогу мыйзамдуулукка кепилдик берген маанилүү аспап болуп калды, ушундай эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо кызматында турган таасирдүү мамлекеттик укук коргоо уюмуна айланды. Бүгүнкү күндө анын конституциялык статусу мына ушундай.

2011-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлугуна Салянова Аида Жеўишбековна дайындалган. Анын алдында демократиялык укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө иш жүзүндө салым кошуу максатын көздөө менен прокуратуранын укук коргоо жана укук коргоону ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн арттырууда кеңири реформаларды жүргүзүү милдети турат.    

2012-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А. Салянованын буйругу менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2015-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүүсү бекитилген.

Стратегиялык милдеттер белгиленген мезгил ичинде стратегиялык максаттарга жетишүү жана аларды аткаруу прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү аныктоочу багыт болуп калды. Бул пландарды ишке ашырууда жана прокуратуранын жаңы багытын эске алуу менен прокуратура органдарынын жаңы символикасы жана геральдикасы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын жоболоруна ылайык адам укугу жана эркиндиги жогорку баалуулук болуп эсептелет. Эч ким кыйноого алынууга жана жарандардын укуктарын коргоо үчүн кыйноолорду жана мамиле кылуунун же жазалоонун башка адамгерчиликсиз, катаал же кадыр-баркты кетирген мамилелерге туштугууга же жазага кириптер болууга тийиш эмес. Ушуга байланыштуу прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү бирден бир башкы милдет жогоруда көрсөтүлүп кеткен кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү болуп калууда. 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Салянова тарабынан «Эркиндиктери чектелген же эркиндиктеринен ажыратылган жарандардын укуктарын коргоо үчүн кыйноолорду жана мамиле кылуунун же жазалоонун башка адамгерчиликсиз, катаал же кадыр-баркты кетирген түрлөрүн колдонууга тыюу салуунун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө» 12.04.2011-жылы №40 тескемеси кабыл алынган. Ушундай эле «Кыйноого байланышкан кылмыш иштери боюнча мамлекеттик айыптоону колдоодо мамлекеттик айыптоочулардын ролун күчөтүү жөнүндөгү» 19.10.2011-жылы №75-р Көрсөтмөсү даярдалган.

Башкы прокуратуранын демилгеси менен ички иштер органдарынын убактылуу кармап туруучу жайларына, кабыл алуу-бөлүштүрүү, нөөмөт бөлүктөрүнө жана башка кызмат бөлмөлөрүнө видеокамералар коюлууда.

2012-жылы «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү» Мыйзамдын кабыл алынышы менен прокуратура органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде укук коргоо органдарынын, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүдөгү ишмердүүлүгүн багыттап келет. 2013-жылы 16-апрелде укук коргоо, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча биринчи Координациялык кеңеши өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Салянова А.Ж. төрайымдык кылган. Мындан ары ушундай жыйындар дайыма өткөрүлүп, белгилүү бир чөйрөлөрдөгү коррупцияга каршы күрөшүүдө эксперттик сунуштарды иштеп чыгуучу аянтчага айланмакчы.

Бүгүнкү күндө прокурор-тергөө кызматкерлеринин ишин жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн, ушундай эле прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн иш-аракеттерин жандандырууга багытталган укуктук актыларга баа берүүнүн жаңы критерийлери бекитилип жатат.

Прокуратура органдарынын алдында турган жаңы милдеттерди иш жүзүнө ашырууда анын ишмердүүлүгү жарандардын укуктарын коргоого жана тышкы байланышты өнүктүрүүгө багытталып жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сайты (www.prokuror.kg) кайрадан каралып жакшыртылып, «Prokuror.kg» журналынын мезгилдүү чыгарылышы жолго коюлууда.

Акыркы жылдары прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасы чыңдалууда, ар жылы прокуратура органдарынын балансына жаңы имараттар жана курулуштар кириштелип турат.

2003-жылы Балыкчы шаардык прокуратурасынын имараты, 2004-жылы Жети-Өгүз р-нун, 2008-жылы Ысык-Көл обл. прокуратурасынын имараты, ошондой эле 2008-жылы Токтогул райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилсе, 2009-жылы Нарын районуна берилген. 

2010-жылы 10-ноябрда Каракол шаарынын прокуратурасына административдик имарат бөлүнүп берилсе, 2011-жылы Ош областтык прокуратурасынын мурунку имараты өздөрүнө кайтарылып берилген.

2013-жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушу башталган.

Прокуратура органдарынын 90 жылдык мааракесине карата республиканын Башкы прокуратурасынын имаратына кошумча жаңы корпус пайдаланууга берилгени жатат.   

2014-жылдын башында Баткен областынын Кадамжай райондук прокуратурасы жаңы имаратка көчүп киришкен.

Бүгүнкү күндө прокуратура ыңгайлуу шарттарды түзүү менен өзүнө болгон ишенимди бекемдөө, кадыр-баркын көтөрүү саясатын жүргүзүп, кадрлардын жаңыланышына өзгөчө көңүл буруп келет. Мындай иштерге Башкы прокуратуранын чет элдик өнөктөштөрү, жогорку окуу жайлары менен болгон мамилесинин чыңдалышы өбөлгө болуп келет. Алсак, Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын Академиясы, Кытай Элдик Республикасынын элдик прокуратурасынын Жогорку Академиясы, Түрк Республикасынын юстиция Академиясы болуп эсептелет. Ал жерлерде прокурор-тергөөчүлөр өздөрүнүн квалификациясын жогорулатып, тажрыйба алмашып турушат. 

2013-жылдын 26-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы покурорлорунун он биринчи жыйыны жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышы бар мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Багыттоочу кеңешинин кезектеги жыйыны Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын соңку жаңы тарыхындагы айрыкча маанилүү окуяга айланды. 

Мамлекеттин ичиндеги саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө өөрчүп, өнүгүп жаткан өзгөрүүлөр прокурордук көзөмөл жүргүзүүгө жана прокуратуранын иш милдеттерине да өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизип жатат. Турмуш прокурорлорго жаңы талаптарды коюуда. Бүгүнкү күндө адамдардын мыйзам күчүнө болгон ишеними аларга байланыштуу. Кыргыз прокуратурасынын тарыхы уланууда.