Размер шрифта
Интервал
Изображения
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Телефон доверия:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Фотогалерея

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

2015-жылдын 28-29-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Дельфин» эс алуу жайында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата прокуратура кызматкерлери арасында жалпы республикалык дене тарбия турнири өтүп, анда спорттун төрт түрлөрү: футбол, теннис, стол тенниси жана шахмат боюнча мелдеш өттү.

Турнирдин ачылышында Башкы прокурордун орун басары, Кыргыз Республикасынын аскер прокурору Н.Дюшембиев куттуктоо сөз сүйлөп, мелдештин катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге, спорт оюндары жакшы салтка айланып, прокуратура кызматкерлеринин арасында жыл сайын өткөрүлөөрү жана аларды сергек жашоого умтулуусунабагытталгандыгын белгилеп өттү.

Мелдештин жүрүшүндө бардык катышуучулар мыкты даярдыкта экендиктерин көрсөтүшүп, жеңишке жетүү үчүн алардын ортосунда катуу таймаш жүрдү. Жыйынтыгында, мини-футбол боюнча эң күчтүүлөрдөн болуп Баткен областык прокуратурасынын командасы аныкталса, 2-орунду Нарын областтык прокуратурасы, ал эми 3-орунду Жалал-Абад областтык прокуратуралары ээлешти. Волейбол боюнча Талас областтык прокуратурасынын командасы женүүчү деп аныкталса, 2-жана 3-орундар Ысык-Көл областы менен Ош шаарынын прокуратураларына ыйгарылды. Стол тенниси боюнча байгени Жалал-Абад, Ош областынын прокуратуралары жана Башкы прокуратуранын командасы жеңип алышты. Ал эми шахмат боюнча Башкы прокуратуранын командасы биринчиликке чыкты.

Кыз-келиндер арасында воллейболдон Ош областык прокуратурасынын жана теннис боюнча Талас областык прокуратурасынын кызматкерлери өздөрүн мыкты деп көрсөтө алышты.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу байгелер жана дипломдор менен сыйланышты.