Размер шрифта
Интервал
Изображения
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Телефон доверия:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Ведомственный журнал Prokuror.kg

 

Фотогалерея

Научно-практическая конференция

Научно-практическая конференция на тему: «Современные методы противодействия коррупции»

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коллегиясы прокуратура органдарынын 2014-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды

2015-жылдын 27-февралында, 2014-жылы прокуратура органдарынын аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кеңейтилген коллегиясы өткөрүлдү.

Коллегиянын отуруму Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчыларынын, областтардын, райондордун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун катышуусунда өттү.

Отурумдун жүрүшүндө прокуратура органдарынын, конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө прокурордук корпусту мобилизациялоо максатында иш жүзүндө багытталган чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча көзөмөлдөө ишмердигинин белгиленген артыкчылыктарынын негизинде түзүлгөн 2014-жылдагы ишмердиги белгиленди. Прокуратура органдарынын ишинин сапатын, анын ишмердигин оптималдаштыруу жана прокуратура кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин  жакшыртуу маселелери каралды.

Отурумдун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Джолдубаева покуратура органдарынын аракеттерин өзгөчө көңүл бурууну талап кылган негизги проблемаларга басым жасоонун зарылчылыгын белгиледи. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөрдү тартипке келтирүү жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу, ишкерлерге карата негизсиз кылмыш куугунтуктардын, изин суутпай издөө жана башка процесстик эмес аракеттердин алдын алуу, тергөө ишинин сапатын жогорулатууга көңүл буруу, ошондой эле жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча ишти прокуратура органдары тарабынан координациялоонун зарылчылыгы жана башка маселелер боюнча чараларды көрүү жөнүндө.