Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Шыкмаматовго жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-(коррупция) жана 315-(кызматтык жасалмачылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган кылмыш иши буга чейин тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинен келген материалдын негизинде козголду.

Аныкталгандай, 2011-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов тарабынан кызматтык жеңил автоунааларды сатып алуу тууралуу тендердик комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарылган. Комиссиянын төрагасы болуп аудитор Ж.Иманалиев, мүчөлөрү болуп аудиторлор А.Кангельдиев, А.Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Т.Чормонов, бөлүм башчысы Б.Джаныбекова, финансылык чарбалык бөлүмдүн башкы адиси А.Романова жана автоунаалар боюнча адис Н.Бедельбаевдер бекитилген.

Бирок, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптары бузулуп, иш жүзүндө тендер өткөрүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторлору жеке адамдар аркылуу автоунааларды таап, өдөрү тандап алышкан.

Ал эми аларды сатып алууну болсо, жогорудагы комиссия мүчөлөрү менен алдын ала бүтүмгө келишип алып, мамлекеттик сатып алуулардын жоболоруна тууралап, жалган документтерди түзүү аркылуу жүргүзүшкөн.

Ошентип, тендердик комиссиянын төрагасы Ж.Иманалиевдин, комиссия мүчөсү А.Шыкмаматовдун жана “Би Стар” ЖЧКсынын директору А.Юксельдин алдын ала сүйлөшүүлөрүнөн кийин, “Барат Люкс” ЖЧКсы жеке адамдардан 2000-2001-жылдары чыгарылган Е классындагы 5 “Мерседес Бенц” автоунаасын сатып алуу жөнүндө жалган келишим түзгөн.

Андан кийин 2011-жылдын 5-октябрында эки компания: 4 миллион 625 миң сом берген “Би Стар” жана 3 миллион 368 миң 831 сом берген  “Барат Люкс” ЖЧКлары катышты делген кагаз жүзүндө жасалма тендер өткөрүлөт да, “Барат Люкс” менен келишим түзүлөт.

Бул жерде А.Шыкмаматов башынан эле өз кызыкчылыгын көздөп, “Барат Люкс” ЖЧКсынын тендердик өтүнмөсүнө аялы Ж.Турдакунованын 2000-жылы чыккан “Мерседес-Бенц” Е 320 үлгүсүндөгү автоунаасын киргизип, аны 14 мин 637 АКШ долларына жогорулатылган баада саткан. Ал эми “Азия-Оценка” ЖЧКсынын эксперттик корутундусуна ылайык мындай автоунаанын 2011-жылдын октябрь айындагы базар баасы 10 миңге чукул АКШ долларын гана түзгөн.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери кылмыштуу бүтүмгө келип, мыйзамдарда көрсөтүлгөн мамлекеттик сатып алууларды жана бюджеттик каражаттарды колдонуу тууралуу талаптарды сактабай, документтерди жасалмалоо жолу менен автоунааларды сатып алуунун натыйжасында мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүшкөн. Муну менен алар мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыктарына чон зыян келтирип, бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү туура жана максаттуу колдонуунун мыйзамдуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жогорку аудит органы болуп саналган ведомствонун беделин түшүргөн.

 

Аталган кылмыш ишин тергөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына тапшырылды.

 

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •