Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Музаффар Исаковго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-(коррупция) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Аныкталгандай, М.Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болгон мезгилде жер тилкелерин берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Тактап айтканда ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жана архитектуранын кызмат адамдары менен алдын ала бүтүмгө келип, айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жер тилкесин жеке турак-жай үчүн үй курууга уруксат берген.

Текшерүү учурунда кээбир жарандар ал жер тилкесин 1 500-3 000 миң АКШ долларына чейин ал кишиден сатып алганбыз деп түшүндүрмө беришкен.

Аталган кылмыш ишин иликтөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине тапшырылды.

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •