Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Жээнбековдун наамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш жөнөттү.

Мындай прокурордук чара көрүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевдин Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест салуу боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсү  негиз болду. Белгилеп кетчү нерсе, Мамлекеттик каттоо кызматы аталган чечимди кассациялык түрдө даттануу үчүн  Бишкек шаардык прокуратурасынын атайын кабарлоо баракчасын алган. Мындан тышкары, Т.Сарпашев жогорудагыдай көрсөтмө берип жаткан мезгилде Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2014-жылдын 25-июнундагы аталган аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 2-ноябрындагы аныктамасы менен токтотулган.

Прокуратура органдары тарабынан арест салынган кыймылсыз мүлк Максим Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Ульяна Пакка таандык болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашев өзүнүн функционалдык милдеттерин жетишээрлик аткарбагандыктан жогорудагы мыйзам бузуу фактылары келип чыкты. М.Бакиевдин жана ага жакын адамдарга таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу коомчулуктун жана мамлекеттин көзөмөлүндө тургандыгын билип туруп, Т.Сарпашев 2016-жылдын 30-ноябрында мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгына аталган жазуу жүзүндөгү көрсөтмөсүн жөнөткөн. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин 4-пунктунда каралган жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү тууралуу укук бузууларга жол берген.

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •