Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-(опузалап пара талап кылуу) жана 304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

2016-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасына жеке ишкер И.Ж.нын арызы келип түшкөн. Анда ишкердин жеке ишмердүүлүгүн текшерүүдө оң корутунду чыгаруу үчүн 6 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы үчүн Экологиялык  жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын инспекторлоруна карата чара көрүү жөнүндө кайрылган.

2016-жылдын 22-октябрында облустук прокуратура Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусу боюнча башкармалыгы менен бирге өткөргөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын натыйжасында,  6 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын инспектору Ч.Т. кармалган.

Ошол эле күнү кармалган кызматкер Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •