Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаментинин Ош шаарындагы тез арада документтештирүү бөлүмүндө “Кыргыз Республикасынын жаранынын документтерин кабыл алуу, паспортун тариздөө, берүү, эсепке алуу, даярдоо жана жалпы жарандык паспортун жекелештирүү тартиби жөнүндө” Нускаманын талаптарын аткаруу боюнча мыйзам бузуулар аныкталды.

Аныкталгандай, аталган бөлүмдүн кызмат адамдары расмий документтерге жасалма маалыматтарды киргизип, Х.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын маалыматтарын колдонуу менен О.А. аттуу башка жаранга жалпы жарандык паспорт берген. Ал эми Х.Б. аттуу жаран бүгүнкүгө чейин 2006-жылы алган өзүнүн жарандык жана жалпы жарандык паспортторун колдонуп келет жана аталган паспорттордун ордуна башка паспорт алуу же аны алмаштыруу тууралуу тийиштүү органдарга кайрылган эмес.

Белгилеп кетчү  нерсе Россиянын ИИМнин миграция маселелери боюнча Башкы башкармалыгынын расмий сайтынын маалыматтарында О.А.га Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Жогорудагы факты боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын тез арада документтештирүү бөлүмүнүн кээбир кызмат адамдарына карата  Кыргыз Республикасынын Кылмаш-жаза кодексинин   304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-(кызматтык жасалмачылык) беренелери менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •