Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасы
расмий сайт

Ишеним телефону:
54-28-18

Ыссык-Көл облусу Чүй облусу Талас облусу Нарын облусу Джалал-Абад облусу Ош облусу Баткен облусу

Жаңылыктар

Эң окулуктуу

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы аскер бөлүгүнүн бухгалтердик отчетун текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кылмаш-жаза кодексинин   304-(кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-(бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу) беренелери менен кылмыш иши козголду.

2014-жылы аталган аскер бөлүгү тарабынан аскер кызматкерлерине аванс төлөө үчүн “КИКБ” жеке банкы аркылуу 4 млн. 166 миң 136 сом алынып, акчалай берилген. Бирок, бухгалтердик отчет боюнча банктан 525 миң 012 сом гана алынгандыгы белгилүү болгон. Ошентип текшерүүдө 3 млн. 641 миң 123 сом сумма акча каражатынын орду жок болуп чыккан.

Мындан тышкары, текшерүүдө 8 аскер кызматкеринин 2014-жылдын 30-сентябрында жумуштан бошотулгандыгына карабастан, 28-ноябрь күнү бухгалтерия тарабынан аталган кызматкерлердин карточкалык эсебине айлык акы иретинде 216 миң 500 сом которулгандыгы аныкталган.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат.

  • Интернет кабыл алуу
    Жөнөтүү

     
  • Коррупцияга каршы күрөшүү

    Урматтуу жарандар!
    Сиздерден коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнуштөр тууралуу прокуратура органдарына билдирүүнү өтүнөбүз:
    Ишеним телефону:
    +996 (312) 54-28-18
    (иш күндөрү 9.00дөн 18.00гө чейин)
     
  •  
  •  
  •  
  •  
  •