Жаңылыктар
Эң окулуктуу
2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында 2018-жылынын прокуратура органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү.
2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана башка маселелер боюнча кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү.
Бишкек шаарынын прокуратурасы Кыргыз Республикасынын УКМКнын коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ала-Тоо жаңы конушундагы орто мектебин курууда аткарылган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулаткан фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым кызмат адамдары мыйзамдардын талаптарын, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, аталган курулуш подрядынын келишимдериндеги шарттарын жана милдеттенмелерин бузушканы аныкталган.
2019-жылдын 30-январындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин “Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” кезектеги отурумундагы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө.А.Джамшитовдун баяндамасынан үзүндүлөр:
Мамлекетибиздин экономикасынын жана социалдык өнүгүүсүндө жер казынасын пайдалануу чөйрөсү олуттуу мааниге ээ. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын көзөмөл ишмердүүлүгүнүн натыйжасында 2018-жылдын отчеттук мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана анын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 39 мыйзам бузуулар аныкталып, аларды четтеттүү үчүн 17 прокурордук чара көрүү актылары келтирилип, алардын кароонун жыйынтыгы боюнча 24 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылып, мыйзамсыз берилген 7 лицензия жокко чыгарылган.
Бүгүн Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа алкагындагы мыйзамдардын новеллалары” деген аталыштагы пресс-конференция Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Бул пресс-конференция Кыргыз Республикасынын Жазык, Жоруктар жөнүндө, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Бузуулар жөнүндө кодекстеринде киргизилген жаңылыктар жөнүндө калкка натыйжалуу маалымдоо максатында уюштурулган.