Бүгүн, 2022-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга жана тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата ошондой эле ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды.

Ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилиги, башкармалыктардын башчылары катышты. Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.