Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбаган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында жооптуу кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучу “Ч.С” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн. 964 миң 700 сомдук тротуар (арык-лотоктору менен) курулуш объектисин акты менен колдонууга кабыл алышкан. 

Бирок, тергөөнүн жүрүшүндө жумуш аткаруучу тарабынан локалдык сметада каралган 1 млн. 917 миң 443 сомдук тротуарга асфальт төшөө иши аткарылбагандыгы аныкталып, натыйжада бул зыян толугу менен ордуна коюлду.

Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши соттун кароосуна жиберилди.