Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен баасы 1 096 416 сомду түзгөн 432,0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

         Прокурордук текшерүү учурунда, А.Э. аттуу жаранга Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 27-февралындагы токтому менен Исанов көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси берилип, андан кийин аталган объектиге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты алынгандыгы аныкталган.

         Мэриянын чечимин жана жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу тууралуу прокуратуранын доо арызы райондор аралык сот тарабынан канааттандырылган. Ошондой эле, Жалал-Абад облустук соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул чечимди күчүндө калтырган.

         Прокурордук актынын негизинде жогорудагы жер тилкеси муниципалитеттин балансына кабыл алынды.