Ош областтык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды.

Алсак, Ош областтык сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно түрдө бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4  күн мыйзамсыз камакта кармалган.

Аталган факты боюнча Ош областтык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.