Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаар аймагында ВИЧ инфекциясын жуктуруп жашап жүргөн балдардын укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган жашы жете элек балдарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында, Ош шаарынын мэринин наамына прокурордук сунуш келтирилген.

Сунушту кароонун натыйжасында, шаардык мэриянын токтомунун негизинде ВИЧ инфекциясын жуктурган жашы жете элек 8 балага турак-жай жеке менчигине берилип, ал эми 2 жаш өспүрүмгө турак-жай куруу үчүн жер ажыратылып берилди.