Чүй облустук прокуратура органдарынын жеке менчикке мыйзамсыз берилген социалдык-маданий объекттерди аныктоо жана кайтарып берүү ишинин алкагында Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Сокулук аймактык ооруканасынын 34,39 чарчы метр аянттагы дарыкана имараты 72,2 чарчы метр жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

2017-жылы Сокулук райондук прокурасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна карата, С.Хуснутдиновага жана Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлктү башкаруу комитетинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгынын 2009-жылдын 12-июнундагы «Сокулук аймактык ооруканасынын колдонулбай жаткан дарыканасынын имаратын кийинчерээк 220 миң сомго сатып алуу жолу менен ижара берүү» жөнүндөгү буйругун жараксыз деп табуу боюнча Чүй облусунун райондор аралык сотуна доо арыз келтирген.

Биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан прокуратуранын доо талаптары канаттандырылган. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2018-жылдын 12-ноябрындагы токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар күчүндө калтырылган.

Мындан сырткары, Чүй облустук сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын соода-сатык келишимдерин жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы толугу менен канааттандырылды.